• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Чүйдө УКМКнын жаңы имараты ачылды

24 Баш оона 2023 16:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-августта Чүй облусу боюнча КР УКМКнын Ысык-Ата райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жаңы салынган имарат УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда салтанаттуу түрдө ачылды. Ошондой эле, аземге Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев, башкармалыктын өздүк курамы жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.
Жаңы имарат кызматкерлердин иштөөсү үчүн керектүү шарттар менен толук түзүлүп жана бардык заманбап талаптарга жооп берет.

Ташиев кызматкерлерди куттуктап, КР УКМКнын кызматкерлерине мындан ары да республиканын бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн шарттарды түзө берерин белгиледи.

Ошондой эле, УКМК төрагасы актуалдуулукту эске алуу менен коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча чараларды ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал президент Садыр Жапаров тарабынан Кыргыз Республикасында коопсуздукту камсыз кылууга жана мыйзамдуулукту чыңдоого багытталган милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын билдирди.

Количество просмотров: 124