• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Чүйдө унаа айдап качкандар кармалды

17 Бештин айы 2023 9:54 Бишкек Govori.TV

Чүйдө Daewoo Nexia унаасын айдап качкан жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя Маяка айылында 15-декабрда болжол менен түнкү саат 03:00дө болгон. Анда белгисиз жаран Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунааны айдап качкан.

Кылмышка шектүү делип 20, 16 жана 15 жаштагы жаш жигиттер кармалган. Шектүүлөр Аламүдүн РИИБнүн тергөө кызматьна өткөрүлүп берилип, Daewoo Nexia унаасы айып токтотучу жайына токтотулду.

Количество просмотров: 223