• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө унаа уурдаган шектүү кармалды

6 Баш оона 202017:10 Бишкек Govori.TV

 Сокулукта унаа уурдаганга шектелип, 23 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда Сокулук районунун тургуну «Субару Аутбек» унаасы уурдалганы тууралуу милицияга арыз менен кайрылган.

Шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

«Сокулук РИИБдин ыкчам кызматкерлери шектүүнү колго түшүрдү. Шектүү — 23 жаштагы К.О. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, андан кийин соттун чечими менен СИЗО-1 мекемесине камакка алынды»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексиндеги 206-берене (автотранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча катталган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 114