• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Чүйдө уурулукка шектелген топ кармалды

16 Бештин айы 2021 18:28 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда ири өлчөмдөгү уурулукка шектелген топ кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 30-сентябрь күнү милицияга уурулук фактысы тууралуу маалымат келип түшкөн. Анда 1986-жылы туулган А.Ш. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрына караган түнү белгисиз бирөөлөр Монолдор айыл аймагындагы «Калинин ГЭС» де жайгашкан контейнердин кулпусун сындырып киришип, ал жерден 24 даана сервердин сисемдик блогун, “Bitfury” компаниясынан өндүрүлгөн 17 даана “В9” үлгүдөгү жана “В8” үлгүдөгү 7 даана аппаратын, 2 даана маршрутизатор, 1 даана маршрутизатор модеми, 20 даана блок питанияларын уурдап белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 73 миң АКШ долларын түзгөн.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрь күнү ушул сыяктуу арыз менен Сокулук районундагы иш-каналардын биринин директору 1986-жылы туулган К.Д. Сокулук РИИБүнө кайрылган. Анда 2021-жылдын 24-ноябрына караган түнү Сокулук районунун Асыл-Баш айылынын түштүк тарабындагы жайгашкан майнинг ферманын контейнеринен белгисиз бирөөлөр 97 даана майнинг аппараттарын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген чыгым 300 ммиң АКШ долларын түзгөн.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлгөн.

«Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы ири өлчөмдөгү уурулук кылмышына шектелип, 10 жаран кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан. Кармалгандардын биринин жашаган үйүнөн майнинг ферманын 75 даана аппараты жана 87 даана блогу алынган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Количество просмотров: 232