• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чүйдө өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектелген чет элдик жаран кармалды

5 Жетинин айы 2020 17:56 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 4-ноябрында УКМК тарабынан жүргүзүлгөн КР ИИМ менен биргеликтеги ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунан издөөдө жүргөн Казахстан Республикасынын жараны 1987-ж.т. Ширинов Шаин Курбанхан-оглы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) Казакстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Азыркы учурда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин сотко чейинки өндүрүшкө каттоо маселеси каралып жатат.

Кармалган адам Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ш.Широновду Казакстан Республикасынын укук коргоо органдарына өткөрүп берүү маселеси каралууда.

Количество просмотров: 158