• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Чүйдө жер титиреди

28 Кулжа 2021 10:00 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-июнь күнү саат 13:19да өлкө аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

«Жер титирөө Чүй облусунун Чүй районунун Чоң-Жар, Карагул айылдарында 3 балл, Кошой, Кегети, Арпа-Тектир айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 260