• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Чүйдө жол кырсыгы катталып, 1 киши жабыркады

13 Тогуздун айы 2022 10:41 Бишкек Govori.TV

Чүйдө жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 11-октябрь күнү саат 19:00 чамасында Жайыл районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымында, Өтмөк ашуусундаа “DAF” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен “Toyota Surf” унаасынын ортосунда жол кырсыгы катталып, оор жүк ташуучу унаа көпүрөдөн түшүп кетип, бетон шакекчелер жолдун бир тарабын тосуп калган.

Окуя тууралуу ӨКМге 12-октябрь күнү маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылган, алар жолду тосуп калган бетон шакекчелерди алууга көмөк көргөзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 33 жаштагы Т.Б. аттуу эркек киши жабыркап, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Количество просмотров: 366