• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чүйдө жол кырсыгынан 4 адам жаракат алып, жаш бала каза болду

17 Аяк оона 2020 10:48 Бишкек Govori.TV

Ысык-Ата районундагы жол кырсыгында 4 киши жабыркап, жаш бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-сентябрь күнү саат 16:08де Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 47-чакырымында (Кең-Булун айылы) “Mazda 626” жана “Seat” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 1 жаш бала (аты-жөнү такталууда) каза болуп, 4 адам жабыркаган (1986-жылы туулган, 1993- жылы туулган, 1985- жылы туулган – эркек адамдар, 1960- жылы туулган аял киши). 

Куткаруучулар жаракат алган үч эркек киши менен бир аялды унаадан чыгарып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми көз жумган баланын сөөгүн куткаруучулар келгенге чейин медиктер алып кеткени белгилүү болду.

Количество просмотров: 213