• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чүйдө жол кырсыгынан беш адам каза болду

10 Аяк оона 202510:07 Бишкек Govori.TV

9-сентябрда Токмок-Кошой автожолунун үчүнчү чакырымында болгон жол кырсыгынан беш адам мүрт кетип, дагы төрт киши жаракат алды.

Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, “Тойота-Виш” үлгүсүндөгү автоунаа түштүктөн-түндүктү көздөй келе жаткан учурда “Субару-Аскент” машинеси карама-каршы тилкеге чыгып “Тойота-Вишти” сүзгөн. “Тойота-Виш” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу менен төрт жүргүнчү кырсык болгон жерден эле каза болгон. “Субару-Аскенттин” айдоочусу жана үч жүргүнчү ооруканага жаткырылды.

Количество просмотров: 131