• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө жол кырсыгынан жаш кыз жабыркады

12 Тогуздун айы 202010:56 Бишкек Govori.TV

Чүй районунда жол кырсыгынан 1 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 11-октябрь күнү саат 22:52 чамасында Чүй районундагы Чүй айылынын Ибраимов көчөсүндө болгон. Анда “Volkswagen Passat” жана “Chevrolet” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Натыйжада 20 жаштагы кыз жабыркаган.

Жерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, жабыркаган кызды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 75