Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тоң районунда көлөмү 4,3 млн м3 түзгөн Үч-Коргон сезондук жѳнгѳ салуу бассейнинин курулушуна капсула салды.
Иш-чарага Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев, министрликтин тиешелүү жетекчи адистери, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Улан Далиев, Тоң районунун акими Байышбек Астанакулов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тургундары катышты.
Бассейнди куруу Тоң дарыясынын вегетациялык эмес агымын жөнгө салуу менен аймактагы сугат жерлерин суу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Натыйжада Тоӊ районундагы Төрт-Күл, Күн-Чыгыш, Болот Мамбетов жана Тоӊ айыл өкмөттөрүнүн 4 113 га сугат жерин суу менен камсыздоо жогорулайт жана 817 га жаңы сугат жер өздөштүрүлөт. Курулуш иштерин бүтүрүү 2025-жылдын декабрь айына мерчемделген.