• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Үч пахан» аттуу интермедиядан кийин куудулдар УКМКга чакырылды

6 Үчтүн айы 2021 22:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык куудулдар Рахман Разыков жана Абдылда Иманкулов «Оңолмок элек биз качан, ортодо турса үч пахан?» деп аталган тамаша концертинен кийин УКМКнын Ош шаардык башкармалыгына чакырылды. Бул тууралуу «Азаттык» куудул Рахман Разыковго шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, УКМК куудулдарды концерт өткөн күндүн эртеси чакырып, «Үч пахан» деп аталган интермедияны сценарийден алып салууну талап кылган.

Куудулдар Рахман Разыков, Абдылда Иманкулов жана Нарынбек Молдобаев аткарган «Үч пахан» аттуу интермедияда Кыргызстандагы алдыдагы президенттик шайлоо тамашага салынган. Анда абакта отурган үч кишинин президенттик кызматка ким татыктуу экени тууралуу талашып-тартышканы чагылдырылат.

Рахман Разыков учурда бул концерттик программа менен Жалал-Абадда жүргөнүн билдирген.

Куудулдардын эмне себептен чакырылганы тууралуу УКМК комментарий бере элек.

Количество просмотров: 2249