• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Маданият министри куудулдар менен жолукту

2 Чын куран 2021 9:00 Бишкек Govori.TV

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев 1-апрелде куудулдар менен жолугуп, баарлашты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиришкендей, жолугушууга Кыргыз Республикасынын эл артисттери Келдибек Ниязов, Күмөндөр Абылов, Борончу Кудайбергенов жана өсүп келе жаткан жаш куудулдардын жоон тобу катышты.

Сүйлөшүү эркин форматта болуп, суроо-жооп менен уланды.

Кайрат Иманалиев өз сөзүндө аларды майрамы менен куттуктап, бул тармакта жасала турган бир катар иштерди белгилеп өттү.

Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө катышуучулар күлкү жана тамашалоо идеологиялык багытта алып караганда күчтүү курал, таасирдүү тармак болуп саналары айтылып, биргеликте иш алып барууга макулдашылды.

Мындан сырткары, министрлик тарабынан жакынкы убакта кандай формада иш алып баруу керек, идея жана аны укуктук жактан бекемдөө үчүн Маданият министрлиги табарынан тиешелүү иш-аракеттер жасалаары айтылды.

Количество просмотров: 580