• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Өчүрбөйсүңөрбү?! Ташиев чек ара каралып жаткан ЖК жыйынын жапты

10 Тогуздун айы 2022 13:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык жаңы келишимдин долбоорун талкууланууда.

Жыйын жабык болоору айтылып, журналистердин камералары, телефондору жана компьютерлери киргизилген эмес. Кийин Жогорку Кеңштин Ютуб каналынан көрсөтө баштап, ал да УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев сүйлөп баштаганда өчүрүлдү. Ташиев муну мамлекеттин купуя маалымат айта турганы менен тушүндүрдү.

Жыйын учурунда депутат Адахан Мадумаров комитетке келишимдин долбоорлору 3 күн мурда депутаттарга берилиши керектигин белгилеп, регламент бузуулуу менен өтүп жатканын билдирди.

Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков келишимдин долбоору комитетке бүгүн гана келип түшкөнүн белгилеп, бүгүн долбоор боюнча чечим кабыл алынбай тургандыгын айтты.

Жыйынга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, бир катар саясатчылар жана депутаттар катышууда.

Эске салсак, кечээ 9-октябрда президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук «Кабарга» берген маегинде: «Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла жалпы эл көрсүн, билсин» деп буйрук бердим. Көргөндөн кийин жалпы эл бизге алкыш айтып, бата гана берерине толук ишенем», — деп айткан.

Количество просмотров: 3412