• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Үч шаардагы шайлоо качан жана кандай тартипте өтөт?

25 Бугу 2021 20:12 Бишкек Govori.TV

 Кыргызстандын үч чоң шаарында кайрадан кайталап шайлоо  өтмөкчү. Тагыраагы Бишкекте, Ошто жана Токмокто 11-апрелде өткөн шаардык кеңешке шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы административдик ресурс, добуш сатып алуу маселелеринен улам жокко чыгарылган. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов кайталап шалоонун мөөнөтү 19-июнга чейин дайындалып бүтүшү керек экенин айтат.

БШКнын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу күтүүсүз чечими жана кайталап шайлоодо эски каталар кетирилбейби деген кептер тууралуу сөз козголууда. Мындан улам юристтер, эксперттер БШК кайрадан каталар кетпөөсү үчүн кылдат аракет кылуусу керек деп эсептешет. Болбосо шайлоону жокко чыгаруу Кыргызстанда илдет болуп калуусу мүмкүн.

Ал арада кайталап шайлоого кимдер катыша ала турганы да талкууга алынды. БШКнын маалыматы боюнча, мыйзамга ылайык учурда кайра шайлоого катыша албай турган талапкерлерди аныктоо, териштирүү иштери жүрүүдө. Жокко чыккан Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышкан“Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова добуш берүүнүн жокко чыгарылышына негиз болгон партияларга көңүл буруу керек дейт.

Учурда кайрадан шайлоонун тартиби, ыкмасы кызуу талкууда. Айта кетсек буга чейин депутаттардын сунушуна ылайык, жарандар шайлоого катышып жаткан партияга, анын ичинен талапкерге да добуш бере ала турганы маалымдалган. Ал эми Бекматов талкууланып жаткан жаңы шайлоо ыкмасы күздө өтчү парламенттик шайлоодо колдонулуп калуу ыктымалдыгын белгилейт.

БШК кайра шайлоо өткөрүүгө болжол менен 40 милиондон ашуун каражат кетерин кабарлайт. Бирок, азырынча бул каражат кайдан келеери такталган жок. Ал эми БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова кайра шайлоо болуп жаткан учурда Боршайком жокко чыккан шайлоошунун каражатын өз чөнтөгүнөн төлөп берүүсү керек деп эсептейт.  

Кошумчалай кетсек, милициянын маалыматына караганда, соңку Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо жалпы электрондук маалымат каттоого мыйзам бузуулар тууралуу 124 маалымат түшкөн. Анын ичинен 35 материал Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Алардын ичинен 19у добуш сатып алууга тиешелүү.

Количество просмотров: 900