Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «Чалдовар» өткөрмө бекетине барып, кызматкерлерге карата сын пикирин айтып жаткан видеосу тарады.
Анда Новиков көзөмөл камералардын илинбей турганын айтып, нааразы болгон.
Белгилей кетсек, премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «Чалдыбар» өткөрүү пунктуна 28-ноябрда барган.
Көзөмөл-өткөрүү жайын карап чыгып, өкмөт башчы айрым кызматтардын ишине нааразылыгын билдирди.
«Ушул убакка чейин даярдалган чаралардын эч бири иштебей жатканына ынандык. Мисалы, салык кызматына 15-ноябрдан баштап товарларды эсепке алуунун пилоттук тутумун киргизүү боюнча конкреттүү тапшырма берилген. Бирок жабдуулар орнотула элек электигин көрүп жатабыз. Бардык техника үкөктөрдө салынган боюнча турат. Бул тиешелүү кызматтардын толук аракетсиздиги. Бүгүнкү күндө товарлардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөгөндөрдүн ар биринин маалыматтары ар кандай. Алар өткөн транспорт каражаттарынын чыныгы санын чагылдырбайт.
Ошол эле учурда маалыматтар так болбогондуктан, өткөн күндөгүлөрдү алуу мүмкүн эмес. Тутумдун иштебей калгандыгынан улам, товарларды эсепке алуунун реалдуу маалыматтары чагылдырылбайт, бул коррупцияны жана тобокелчиликтерди жаратат», — деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучунун тапшырмасы боюнча коюлган тапшырмаларды аткарбаган адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт. Ошол эле учурда жакынкы күндөрү Артем Новиков өткөрүү пунктуна дагы келип, жаңы системанын иштешин текшерет.