• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Чалдыбар-унаажол» пунктунан белгисиз адамдар УКМК кызматкерлерин ташбараңга алышты

28 Аяк оона 2019 12:25 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан маалыматка караганда, бүгүн, 28-сентябрда «Чалдыбар-унаажол» текшерип-өткөрүү пунктунан белгисиз адамдар УКМКнын тергөө иштерине тоскоолдук жаратып, кызматкерлерди ташбараңга алышкан.

Ыкчам-тергөө топтун бир канча кызматкери ар кандай жеңил жарааттарды алышкан. Атайын кызматтын өкүлдөрү мыйзамсыз чек араны кесип өтүүнүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча тергөө иштерин жүргүзүү үчүн барганы айтылат.

Маалыматка караганада, Чүй облустук Панфилов райондук милициясы окуя боюнча метериалдарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады.

ИИМ менен биргеликте бул фактыга катыштыгы бар адамдар такталууда. Жыйынтыгында тергөө аракеттерине тоскоолдук кылган адамдарга юридикалык баа берилмекчи.

Количество просмотров: 116