• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чаткалда 54 млн сомго заманбап мектептин курулушу башталды

29 Теке 202016:22 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Кайың-Суу айылында жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 54 миллион сомго жаңы заманбап мектептин курулушу башталды.

Маалыматка ылайык, капсула салуу аземи 23-июлда болуп өткөн. 150 орунга ылайыкталган жаңы мектеп 3 жыл аралыгында курулуп бүтөт. 60 окуучуга эсептелген эски мектеп 1986-жылы курулган. 2017-жылы ал мектептин имараты колдонууга жараксыз деп табылганына карабастан 156 окуучу билим алып келет.

Количество просмотров: 109