• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Чаткалда кар көчкү басып калган 2 адам куткарылды

22 Жалган куран 2019 13:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.03.2019.Govori.TV.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка жолунун 93-94-чакырымында кар көчкү түшүп, жолду тазалап жаткан бульдозерду жана андагы эки механизатор кызматкерди басып калган. Ал жерде жүргөн 10 чакты киши жумушчуларды 10 мүнөткө жеткирбей кар күрткүсүнөн чыгарып алышканын №27 жол тейлөө мекемесинин башкы инженери Талант Субаналиев дагы тастыктаган.

Анын айтымында, 21-мартта аталган жолдун 88-чакырымынан 101-чакырымына чейин кар көчкү түшкөн жерлер тазаланып жаткан.

«Биз тейлеген жолдун айрым участкасына 3-4 жолудан кар көчкү түшүп, кызматкерлер бир жерди кайра-кайра тазалоого мажбур болуп жатышат. Эртең мененки саат 7:00дөн тарта жолду болгон күчүбүз менен тазалоого аракет кылып жатабыз. Саат 16:50 чамасында тазалап жаткан жолдун 93-94-чакырымында, бульдозер техникасы жана эки механизатор кызматкер иштеп жаткан жерге болжол менен 2 миң кубдай кар көчкү түштү. Ал жерде мекеменин 10го жакын кызматкери бар болчу. 10 мүнөткө жетпей аларды кар күрткүсүнөн чыгарып алдык. Алардын абалы жакшы. Ал эми техниканын айнектери сынып, тетиктеринин бир-эки жерине зыян келиптир. Бирок ал техниканы кайра эле жол тазалоого колдонуп жатабыз», — деди Т.Субаналиев.

Эске салсак, 20-март күнү саат 15:00дө Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунун 88-чакырымы (Туура-Кайың тилкеси) жана 101-чакырымынын (Терс тилкеси) аралыгына 7500 метр куб кар көчкү түшүп, жолду жаап калганын жазган. Саат 19:20да ал жолдун бир тарабы кар көчкүдөн тазаланган. Эч ким жабыркаган эмес.


Количество просмотров: 5