• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Чаткалда сел жүрдү

10 Баш оона 2022 9:05 Бишкек Govori.TV

Чаткалда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 9-августта саат 19:00дөр чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Кызыл-Токой айылында сел жүрүп, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 20-25-чакырым аралыгында жол каттамдар убактылуу жабылган.

Мындан сырткары, аталган айылда жайгашкан 4 сарайга сел суулары кирген.

Жерине ӨКМден 3 кызматкер, 2 жүктөгүч тартылып, сел алган жолду калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 156