Коронавируска каршы күрөшүүдө колдоо көрсөтүү максатында Чеченстан Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтөт. Мындай билдирүүнү Чеченстан республикасынын башчысы Рамзан Кадыров Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловго жолдогон.
Билдирүүдө Чеченстанда Кыргызстанга салыштырмалуу абал туруктуу экендиги айтылып, Кыргызстанга колдоо көрсөтүү үчүн жеке коргонуучу каражаттарды, бет кап, көз айнек жана дары-дармектерди тапшырганы белгилүү болду.