• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Рамзан Кадыровдун кызы жогорку кызматка дайындалды

1 Бирдин айы 2024 16:16 Бишкек Govori.TV

Рамзан Кадыровдун 23 жаштагы кызы Хадижат (Карина) Чеченстан башчысынын администрация жетекчисинин биринчи орун басары кызматына дайындалды. Бул тууралуу Кадыров өзү телеграм-каналына жазып, мындай сунуш өзүнүн администрация башчысы Галас Таймасхановго таандык экенин билдирди.

Бул сунушту колдогонун айткан Кадыров кызы социалдык блок менен өз ара аракеттешүү үчүн жооп бере турганын белгиледи.

Буга чейин Хадижат Грозный шаарынын мектепке чейинки билим берүү департаментинин жетекчиси кызматында иштеген. Былтыр октябрда атасы ага «социалдык блоктун эмгек сиңирген жумушчусу» деген ардактуу наам ыйгарган. Ошол эле айда Хадижаттын күйөөсү жана Чеченстандын мурдагы ички иштер министринин уулу Адам Алханов республиканын саламаттык сактоо министри кызматына дайындалган.

Хадижат Кадырова 2021-жылы «Чечен Республикасына сиңирген эмгеги үчүн» деген медаль менен сыйланса, 2022-жылы аймактагы эң жогорку мамлекеттик сыйлык эсептелген Ахмат Кадыров атындагы орденди алган. АКШЕвропа биримдиги жана Жапония Кадыровдун бул кызын санкциялык тизмелерине киргизишкен.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Чеченстан башчысынын экинчи кызы Хадижат Кадырова 17-январда 24 жашка чыкты.

Расмий түрдө Рамзан Кадыровдун 14 баласы бар. Алардын көбү мектепти аяктагандан кийин эле дароо республикадагы жогорку кызматтарга дайындалып, мамлекеттик сыйлыктарды алып келишет.

Кадыровдун улуу кызы Айшат 2023-жылы октябрда Чеченстандын социалдык маселелер боюнча вице-премьер министри кызматына дайындалган. Улуу баласы Ахмат Кадыров ноябрда республиканын дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болгон. Дагы бир уулу Адам Кадыров Куранды өрттөө айыбы менен тергөө абагында отурган Никита Журавелди сабагандан кийин Чеченстандын баатыры наамын алган.

2022-жылы февралда Рамзан Кадыровдун үчүнчү кызы Хутмат республика башчысынын катчылыгынын жетекчи орун басары болуп дайындалган. Ал орто мектепти 2019-жылы аяктаган. Ачык булактарда анын бул кызматта иштөө үчүн талап кылынган жогорку билиминин бар-жоктугу жөнүндө маалыматтар жок.

Кадыровдун уул-кыздарынан тышкары анын бир туугандары, күйөө балдары, жээндери жана башка жакын туугандары да Чеченстандагы жогорку кызматтарда иштейт.

Количество просмотров: 128