• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Чехия аза күтүүдө

23 Бештин айы 202313:50 Бишкек Govori.TV

Прагадагы университетте болгон кандуу кол салууга байланыштуу Чехия 23-декабрда аза күтүүдө. Бул күнү өлкө аймагындагы желектер түшүрүлүп, аза күтүү расымдары өтүп жатат.

21-декабрда Чехиянын борборундагы Карлов университетинин 24 жаштагы студенти ок атып, 14 адам мерт болгон. Кийин шектүү да өлгөнү аныкталган. Өлгөндөрдүн баары чехиялыктар экени айтылууда. Ок атууда 25 адам жаракат алган, анын экөө Бириккен Араб Эмирликтеринин, бирөө Нидерланддын жараны экенин маалымдалды. Бул Чехияда акыркы жылдардагы эң кандуу окуя катары бааланууда.

1348-жылы негизделген Карлов университети дүйнөдөгү жана Чехиядагы алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири. Анда 50 миңден ашуун студент билим алат.

Количество просмотров: 418