• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Чек ара: Ак-Сай менен Көк-Таштын тургундары мектептин спорт залында башкалкалоодо

4 Бугу 2021 19:55 Бишкек Govori.TV

Баткен шаарында жайгашкан В.Ленин атындагы мектепке чек арадагы чырдан улам жай турмушун, үй-жайын таштап качкан 600дөн ашуун адам жайгаштырылган.

Эркектер гана калып аялдар кары картаңдар, балдар менен качып үлгүргөндөр учурда мектептин спорт залында жашоодо.

Баткен шаарынын вице-мэри Гүлсүн Рыскулованын айтымында алгач бул мектепке Баткен облусунун Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынан эвакуацияланган 650 тургун жайгаштырылган.

«Эвакуациядан кийин алардын жарымынан көбүн туугандары үйлөрүнө алып кетишти. Азыр бул жерде 150 адам жашап жатат. Алар негизинен кары-картаңдар, аялдар жана балдар”, — дейт ал.

Рыскулова кошумчалагандай өлкөнүн ар кайсы аймактарынан жардамдар келүүдө.

«Мамлекет тарабынан, жөнөкөй жарандардан болобу ар кимисинин жардамдар келип жатат. Башкалкалап жаткан жарандар менен психологдор медицина кызматкерлери, волонтерлер иш алып барып, колдоо көршөтүшүүдө. Себеби бул жакка келгендердин баары шок абалында эле. Акырындап моралдык жактан калыбына келтирүү аракетин кылып жатабыз», — деди вице-мэр.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу Баткен облусунун чек арага жакын аймактарынан 40 миң 649 жаран коопсуз жерлерге көчүрүлгөн.

Алардын ичинен Баткен районунун Миң-Булак, Үч-Төбө, Таш-Тумшук, Көк-Таш, Ак-Сай, Көк-Терек, Орто-Боз, Самаркандек айылдарынан 14 миң 361 жаран эвакуацияланып, Баткен шаары, Бужум, Чек, Жаңы-Жер, Ак-Турпак, Кара-Булак, Чоң-Кара, Рават айылдарына жайгаштырылган.

Ал эми Лейлек районунун Борбордук, Интернационал, Арка, Саада, Максат, Достук айылдарынан 26 миң 288 жаран эвакуацияланып, Сүлүктү, Исфана шаарларына, Кара-Булак, Коргон, Самат, Булак-Башы, Маргун, Кулуңду айылдарына жайгаштырылды.

Количество просмотров: 96