• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чек ара: Баткен жана Согди облустарынын башчылары жолугушту

18 Бугу 2021 9:51 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 17-майда кечки саат 20:00дө КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасында жолугушту. Бул тууралуу КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жетекчилер ошол эле күнү Кыргызстандын Ак-Сай, Тажикстандын Ворух айылында жарандардын кармалышы боюнча орун алган окуя тууралуу сүйлөшүштү.

Жыйынтыгында кыргыз жарандарын сабаган тажик жарандарын мыйзам чегинде жоопко тартуу макулдашылды.

Ошондой эле чек аралаш аймакта буга чейин орун алган окуялардын кайталануусуна жол бербөө, чыр чатактардын алдын алуу, аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешип иш алып баруу сүйлөшүлдү.

Чек ара аймактарындагы маселелерди ыкчам чечип туруу максатында Баткен жана Согди облустарынын башчылары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте, чек арада, жума сайын жолугууну макулдашышты.

Натыйжада Ак-Сай айылы менен Ворух айылынын кесилишкен жерине, эки айылга кирген, чыккан жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн милиция кызматкерлеринин биргелешкен посту коюлду.

Ошондой эле чек аранын кооптуу тилкелеринде эки мамлекеттин чек арачыларынын биргелешкен кайгуулу түзүлдү.

Эки тараптуу сүйлөшүү түнкү саат 24:00го чейин уланып, ага эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты. Өкүл Баткен районунун Ак-Сай айылынын эли менен да жолугуп, түшүндүрүү иш чаралары жүргүзүлдү.

Учурда Баткен облусунун чек ара аймактарында абал тынч.

Количество просмотров: 88