• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Чек ара: Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдына чогулган элдин талабы…

29 Чын куран 2021 15:47 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдына чогулган ондогон активисттер президент Садыр Жапаров, өкмөт башчы Улукбек Марипов жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрөгасы Камчыбек Ташиевдин эл алдына чыгып кырдаалды түшүндүрүп беришин талап кылышууда.

Уюштуруучулардын айтымында, бийликке бир канча талап коюлду:

-Баткен районунун (Ак-Сай, Көк-Таш, Ак-Татыр, Самаркандек) жана Лейлек районунун (Максат, Арка, Бешкент) Тажикстан менен чектеш аймактарында чек ара кызматы күчөтүлсүн.

-Элдин бейпил жана тынчтык жашоосу камсыздалсын.

-Кыргыз өкмөтү жаңжал чыккан жерге барып, кырдаалды жөнгө салсын.

Маалыматка ылайык, учурда кыргыз-тажик чек арасында тынымсыз ок атылып жатат.

Количество просмотров: 71