• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чек ара чыры: Кыргызстан Тажикстандын элчилигине каршылык нотасын тапшырды

10 Үчтүн айы 2020 12:33 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олимзода Сухроб Ходжа чакыртылды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстан Республикасына каршылык нотасын тапшырган.

9-январынан 10-январына караган түнү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде болгон инцидентке байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер Министри Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Тажикстан Республикасынын жарандары тарабынан ок атуучу курал колдонулгандыгына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын автотранспорттук каражаттарына таш ыргытылгандыгына байланыштуу тынчсыздануу билдирилди.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлү (консулу) менен сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Тажикстандын жарандары тарабынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абалды туруксуздандырууга алып келүүчү уланып жаткан деструктивдүү жана чагымчыл аракеттерге байланыштуу тажик тарабына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кезектеги протест билдирүү Нотасы тапшырылды.   

Тажикстан Республикасынын жарандары тарабынан мындай аракеттерди болтурбоого көңүл бурулду жана абалды мындан ары күчөтпөө максатында кечиктирилгис чараларды кабыл алуу жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу талабы билдирилди.

Азыркы тапта чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. Өткөрүү пункттары штаттык режимде иштөөдө. Жеринде Мамлекеттик чек ара кызматынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев бар.

Эске салсак, 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжал болгонун ырастап, Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылганын маалымдаган. Ага ылайык, өткөн түнү алгач Баткен районун Орто-Бөз айылына жакын Жака-Өрүк аймагындагы кыргыз жаранынын автоунаасына, кийинчерээк Достук айылынын тургунун автоунаасына тажик тараптан таш ыргытылып, терезелери талкаланган. Кийинчерээк Көк-Таш айылынын Дахма тилкесине карата коңшу өлкөдөн ок атылган. Андан жараат алгандар жок. Милиция жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоо максатында аларды Көк-Таш айылындагы мектепке жайгаштырган. Учурда чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу экени кабарланды. Кыргызстандын аймактагы күч органдары күчөтүлгөн режимди иш алпарууда.

Количество просмотров: 68