• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чек ара чыры: Медиа коомчулук эки мамлекеттин журналисттерине кайрылды

30 Чын куран 2021 0:17 Бишкек Govori.TV

«Mediamost» медиа коомчулугу чек ара кырдаалына байланыштуу Кыргызстан менен Тажикстандын ЖМК өкүлдөрүнө кайрылды.

Медиа эксперттер өз кайрылуусунда чек арадагы окуяларды чагылдырган ар бир адамды “Зыян келтирбегиле!” принцибин сактоого, коңшу элдердин ортосундагы факторлорду бириктирип, чыр-чатактарды чечүүнүн жолдору жөнүндө жазууга үндөшөт.

«Урматтуу Кыргызстан менен Тажикстандын журналисттери! Учурда чек арадагы жаңжал тууралуу көптөгөн материалдар жарыяланууда. Массалык маалымат каражаттары аудиторияга таасир этүүчү эң күчтүү шаймандардын бири экендигин унутпоо керек. Маалыматтын тактыгы үчүн журналисттердин жоопкерчилиги жогору болуш керек. Бир этиятсыз сөз, интернет булактарына туура эмес түрдө же бурмаланган факты менен тараса кырдаалды курчутуп жибериши мүмкүн. Террордук толкунду жана зомбулукту токтотууга укук коргоо органдары алсыз болуп калат. Журналистке чындыкты айтууга эч ким тыюу салбайт жана чындыкты айтуу бул анын милдети. Бирок чындык ишенимдүү булактардан алынган чыныгы фактыларга негизделип, бир нече булактар ​​тарабынан текшерилип, жалпы эле журналисттик материал тең салмактуу, калыс жана эмоциясыз болушу керек», — деп жазылат маалыматта.

Чек ара маселелери боюнча материал чагылдыруунун эрежелери:

  • Бей тараптуу, тактык: биз басылмалардагы фактылардын бурмаланышына жол бербейбиз, текшерилбеген фактыларды таратпайбыз жана цитаталарды келтирүүдө ар дайым булакты көрсөтөбүз.
  • Эч качан ушактарды жазбоо.
  • Ар дайым объективдүүлүк жана калыстык принцибин сактоо.
  • «Зыян келтирбе» принцибин сактоо.
  • Жаңжалдын курчушуна салым кошууга жол бербөө.
Количество просмотров: 70