• Жекшемби 4 Кулжа 2023
  • Воскресенье 4 Июнь 2023

Күндүн ыргагы: Казино ачууга лицензия берилди. Бийлик ЖМКны жаман кабар жазбоого чакырды

2 мая 2023 в 19:22 Бишкек Govori.TV

ӨКМӨТТҮ КЕТИРҮҮ СУНУШУ ЧЕТКЕ КАГЫЛДЫ

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын Министрлер кабинетинин толук курамын кызмат орундарынан бошотуу сунушун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитети карап, четке какты. Маалыматка ылайык, комитет бул маселени 28-апрелде кезексиз жыйында караганын айтты.

“Тармактык комитеттен чечимди четке кагуу сунушун депутат Жусупбек Коргонбай уулу берген. Анын сунушу бир добуштан кабыл алынган. Комитеттин отурумуна жети депутат катышкан. Кезексиз отурумга демилгечи тарап чакырылган эмес”, — деп айтылат маалыматта.

“Бүтүн Кыргызстан” Министрлер кабинетинин курамын толугу менен кызматтан кетирүү сунушун 27-апрелде берген. Мындай чечимге өкмөттүн Баш мыйзамдагы 44-берененин 2-бөлүгүндөгү талаптарды аткарбаганы негиз болгон.

Сөз болгон беренеде “пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат” деп жазылган.

КЕМПИР-АБАД ИШИ. КАРМАЛГАНДАРДЫН БӨГӨТ ЧАРАСЫ КАРАЛДЫ

Бүгүн, 2-майда Бишкек шаардык соту укук коргоочу Рита Карасартованын бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Соттун чечимине ылайык, Карасартова 20-июнга чейин камакта болот.

Шаардык сот бүгүн жарандык активист Эрлан Бекчоро уулунун жана саясатчы Равшан Жээнбеков жана Бектур Асановдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арыз каралып, райондук соттун чечими күчүндө калды. Алар 20-июнга чейин камакта болот.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованы, мурдагы депутат Асия Сасыкбаеваны, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловдун, «Бириккен демократиялык кыймылдын» мүчөсү Улукбек Маматаевди, активист, активист Таалайбек Мадеминовду, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарган.

Эске салсак, өткөн жылдын 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, 20дан ашуун саясатчы жапырт кармалган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

БИЙЛИК ЖМКНЫ ЖАМАН КАБАР ЖАЗБООГО ҮНДӨДҮ

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков журналисттерди өлкөдө болуп жаткан кырсыктар жана кылмыштар тууралуу жаңылыктарды жазуудан карманууга чакырды.

Ал “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу жазган кайрылуусунда «Кырсык, кылмыштарды, зарылчылык болуп баратса, кыргыз тилинде, майда шрифт менен, жаңылыктын эң арткы бөлүгүнө жазсак. Дегеле жазбай, таратпай койсок деле мүйүз чыгып кетпейт», — деген оюн айтты.

Мындай өтүнүчүн Орунбеков Кыргызстанга келүүнү каалаган туристтерди чочутуп албоо ниети менен түшүндүрүп, “Мүмкүн болсо, жагымдуу маалыматтарды чет тилде жарыялап, туристтерди кызыктырсак пайдалуу болот эле”, — деди.

Белгилей кетсек, жакында башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентте маалымат берип жатып Кыргызстанда 2022-жылы кылмыштуулук мурунку жылга салыштырганда 19,4% өскөнүн билдирген. Ал эми Улуттук статистика комитети 2022-жылы Кыргызстанда уурулук, каракчылык жана тоноо күч алганын маалымдаса, Ички иштер министрлиги майда кылмыш көбөйүп, оор кылмыштар азайганын кабарлаган.

Соңку бир нече күндөн бери Нарында жети жаштагы окуучу кыз киши колдуу болгону жана Таласта уурулукка шектүү кишини жаалданган топ устунга таңып койгон видео катуу талкууга алынган.

СОТТО ЖУРНАЛИСТКЕ КҮЧ КОЛДОНУЛДУ

Бүгүн, 2-майда Бишкек шаардык сотунда сот приставдары тарабынан журналистке күч колдонулду. Шаардык сотто «Кемпир-Абад» иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасы каралмак. Деген менен отурум баштала электе сот приставдары журналисттин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратып, күч колдонуу менен аны сыртка сүйрөп чыгышкан.

Бул факт боюнча журналист Сот Департаментине, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын №5 шаардык милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, Бишкек шаардык сотунун приставдары Жунус уулу Ш. менен Жамгырчиев Канатка карата чара көрүүнү өтүндү.

Бул арада Жогорку Сотко караштуу Сот департаменти маалымат таратты. Анда сот аткаруучулар журналист Бишкек шаардык сотунун короосунда турган конвойдун унаасын видеого тартып, келгендердин соттун экинчи кабатына өтүүсүнө тоскоол болгонун, ошондой эле кыйкырып, чыр-чатак чыгара баштаганын айтышкан. Учурда иликтөө жүрүп жатканы белгилүү болду.

Ал эми журналист сот приставдарынын маалыматын төгүндөдү.

«Мен эч кандай кыйкырык салып, чыр чыгарган эмесмин. Дайым эле тартып жүргөн жер болчу, экинчи кабатка чыгып бара жаткан жердеги айнектен алынып келингендерди видеого буга чейин деле тартып келгенбиз. Ал учурда видео же сүрөткө тартып баштаган да эмесмин. Себеби отурум али баштала элек болчу. Сот кызматкерлери келип, сот имаратынын ичинен тартууга болбойт деп, эч себепсиз эле эшикке сүйрөп, күч менен чыгарып салышты. Маселе сот залынан эмес, имараттан чыгарып салганында болуп жатат», — деди ал.

Ал эми «Медиа Полиси Институтунун» юристи Алтынай Исаева бул жагдайда укук коргоо органдары обьективдүү иликтөө жүргүзүшү керектигин белгилеп, журналисттин ишмердүүлүгү, маалымат алуу укугу мыйзам тарабынан корголгондугун айтты.

Белгилей кетсек, эксперттер акыркы учурда ЖМК өкүлдөрүнө карата ар кандай басым-кысымдар болуп жатканын белгилешүүдө.

КАЗИНО АЧУУГА БИРИНЧИ ЛИЦЕНЗИЯ БЕРИЛДИ

 Кыргызстанда казино ачууга биринчи лицензия берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу органынын сайты аркылуу кабарланды.

Документтерди «ГРАНД КАЗИНО» ЖЧКсы алып, лицензия үчүн 84 миллион сом төлөгөн.

Эске салсак, оюн-зоок ишмердүүлүгүн мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун кароо коомдо бир топ талаш-тартыштарды жараткан. Анын кабыл алынышына каршы болгондор борбордо жана аймактарда нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Жогорку Кеңеште да талаш-тартыштар жаралып, парламент бешинчи аракетинде гана кумар оюндары боюнча мыйзамды кабыл алган.

Президент Садыр Жапаров казинолор жөнүндө мыйзамга 2022-жылдын 30-июнунда кол койгон.

ДАГЫ БИР МЕКТЕПТЕ БОМБА ИЗДЕЛҮҮДӨ

Бишкекте бүгүн №33 мектеп-гимназиясында бомба бар деген маалымат түшүп, мугалимдер жана окуучулар эвакуацияланды. Свердлов райондук милициясынан кабарлашкандай, окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам-тергөө тобу чыгып, мектептин аймагы курчоого алынды.

Учурда жеринде ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору иш алып барууда.

Белгилей кетсек, эртең менен бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүү №4 мектеп-гимназиясына түшкөн.

Эскерте кетсек, буга чейин да бомба бар деген маалымат борбор каланын бир нече мектертерине келип түшүп, окуучулар менен эмгек жамааты толук эвакуацияланып, милиция жардыруучу затты издөө иштерин аткарган. Жыйынтыгында зат табылган эмес.

Количество просмотров: 121