Бүгүн, 3-майда “Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнү: Кыргызстанда адам укуктарын жана сөз эркиндигин коргоо” тегерек столунун жыйынтыгы менен Резолюция кабыл алынды.
Жыйындын катышуучулары сөз эркиндигинин учурдагы абалын, эл аралык стандарттардын жана конституциялык кепилдиктердин негизинде көз карандысыз ЖМКлардын жана коммерциялык эмес уюмдардын акыбалын талкуулап, буларды белгилешет:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарды жөнгө салуу, укук колдонуу практикасы жана алардын өнүгүү тенденциялары эл аралык принциптерге жана өлкөнүн Конституциясына шайкеш келбейт, көбүнчө толугу менен карама-каршы келет.
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун “Азаттык медиа” мекемесинин ЖМК катары ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө чечими, КР Конституциясына, КР Мыйзамдарына жана өлкөбүздүн сөз эркиндиги жана маалыматтын жеткиликтүүлүгү жаатындагы эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келет, анткени чечимде анын зарылчылыгы жана пропорционалдуулугу негизделип берилген эмес. “Азаттыктын” редакциясынын жабылышы басылманын Кыргызстандагы 30 жылдан ашык ишмердигинде биринчи жолу болду.
Бишкек шаардык сотунун Кыргызстандын жараны, алдыңкы журналист — иликтөөчүлөрдүн бири Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу боюнча чечими, сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй кысымдын дагы бир далилин көрсөттү. Чындыгында, Болот Темировдун өлкөнүн жогорку жетекчилиги боюнча жүргүзгөн коррупцияга каршы резонанстуу иликтөөлөрү аны өлкөдөн чыгарууга негиз болгон.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы тыюу салган, эл аралык принциптерге карама-каршы келген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын административдик-процессуалдык мыйзамдарын бузуп, цензураны орноткон “Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзам кабыл алынды.
КР Президентинин администрациясы тарабынан демилгеленген “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жана “Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын жаңы мыйзамдарынын долбоорлору да Конституцияга, бир катар эл аралык милдеттенмелерге карама-каршы келет жана эң бир “ажыдаар” мыйзамдардын бири болуп, Кыргызстанда бүт бойдон цензураны орнотуп, сөз эркиндигин толук жок кылышы мүмкүн. Мыйзам долбоорлорун талкуулоодо президенттик администрациянын өкүлдөрү жумушчу топтун — көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын, бейөкмөт уюмдардын, ошондой эле мыйзамдын бул варианттарына терс корутунду берген бир катар министрликтердин жана ведомстволордун мүчөлөрүнүн негизги пикирлерин эске алышкан жок.
Ошондой эле бийлик тарабынан кылмыш иштерин козгоп, мыйзамсыз камакка алуулар, журналисттерге жана блогерлерге каршы атайылап адилетсиз чечимдерди кабыл алуу, муну менен коомдун ар түрдүү жана объективдүү маалымат алуу укугун одоно түрдө бузуулар көбөйүүдө. Бийлик көз карандысыз маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүнө бир жактуу көз салуу жана баа берүү менен, журналисттердин мыйзамдуу кесиптик ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу, кол салуулар, коркутуулар, атайын жалданган фейк — фабрикалар тарабынан кибербуллинг фактыларына атайылап көңүл бурбай жатат.
Коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгында кырдаалды түп-тамырынан бери өзгөртүү үчүн төмөндөгүлөрдү сунуш кылабыз: