• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Чек ара чыры: Төрт адам ооруканага түштү

8 Бугу 2020 22:03 Бишкек Govori.TV

Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында 8-майда болгон окуядан төрт кыргызстандык жарадар болуп ооруканага түштү. Бул тууралуу «Азаттык» оорукананын башкы дарыгеринин орун басарынын маалыматына шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, үч аскерге ок тийип, бир жай тургунга таш тийген. Алардын абалы орточо оор деп бааланып жатканы белгилүү болду. Учурда эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү абалды турукташтыруу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Эске салсак, бүгүн, 8-майда кечке жуук кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Баткен районунун Чек жерлигинде, аталган жерге тиешелүү болгон 50 сотых жерди талашып Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар ортосунда чыр-чатак орун алган. Аталган жер такталбаган аймакта болуп, бирок бул жерди кыргыз тарап пайдаланып келген. Кыргызстан тараптан 30-40тай жаран, Тажикстандан 30-40тай жаран бири-бирине таш ыргытышкан. Чыр-чатактын күчөп кетпөөсүн алдын-алуу максатында кыргыз-тажик чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атышкан.Ошол убакта кырдаал бир аз убакытка тынчый түшкөн.

Бирок ошол эле учурда Тажикистандын чек арачылары күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй миномёттук ок чыгарган.

Количество просмотров: 211