• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Чек ара чыры: Тараптар ок атууну токтотуу чечимине келишти

29 Чын куран 2021 21:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери сүйлөшүү жүргүзүп, жаңжал болуп жаткан аймакта ок атышууну толук токтотуу жана аскердик күчтөрдү алып кетүү тууралуу келишим түзүлдү.

Министр Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин жана башка өкүлдөр менен сүйлөшүүгө катышкан. Анын алкагында эки өлкөнүн чек арадагы аймактарындагы кырдаалды мындан ары жөнгө салууга багытталган эки тараптын чаралары талкууланды. Эки тарап тең кырдаалды тынчтык жолу менен, саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө кызыкдар экени айтылды.

Министрлер Р.Казакбаев менен С.Мухриддин эки тарапты тең чагымчылдыкка алдырбоого үндөштү.

Ал арада, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Мариповдун тапшырмасы боюнча кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абалды координациялоо жана көзөмөлдөө боюнча ыкчам штаб түзүлдү.

Маалыматка ылайык, штаб кеңешмесинин жүрүшүндө белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана иликтөө боюнча бардык тийиштүү чаралар кабыл алынууда.

Количество просмотров: 491