• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чек ара чырынан курман болгондордун саны 35ке жетти

3 Бугу 2021 12:02 Бишкек Govori.TV

Баткендеги чек ара чырынан курман болгондордун саны 35ке жетти. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, Максат айылынын 54 жаштагы адам набыт болду.

“Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 183 адам жабыркады”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 183 адам жабыркап, алардын 35и набыт болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 78 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара заставасы, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн жабыркаган жана күйгөн.

Количество просмотров: 224