• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Чек ара чырынан улам эки жабырлануучу ооруканага түштү

13 Чын куран 2022 9:05 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 12-апрелинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон чыр-чатактын кесепетинен эки жабырлануучу Лейлек шаарындагы жалпы дарыгерлердин практика борборуна жарылуу сыныктарынан алган жаракат диагнозу менен түшкөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, учурда бир жабырлануучу ооруканада жатат, алгачкы хирургиялык дарылоо жүргүзүлгөн, абалы орто.

Экинчи жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин, канааттандырарлык абалда амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Саат 21:17лерде сүйлөшүү учурунда тажикстандык чек арачылар кыргызстандык аскер кызматкерлерине ок чыгарышып, ал 30 мүнөткө соузулган. Кайталанган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкери жарадар болгон.

Количество просмотров: 161