• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Чек ара кызматы Д. Абдыкаров тууралуу маалыматтан баш тартты

8 Кулжа 2018 11:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 08. 06. 2018. Govori.TV
КРнын Чек ара кызматы ИИМ министринин орун басары Данияр Абдыкаровдун Кыргызстандын чек арасынан чыгып кеткендиги тууралуу маалыматты берүүдөн баш тартты. Тактап айтканда, аталган органдын маалымат кызматы менен байланышканыбызда, алар бул маалыматты бере албай турганын, анын чек арадан чыккан-чыкпаганын ИИМдин өзүнөн тактообузду сунуш кылды.
Эске сала кетсек, эки күндөр бери Данияр Абдыкаровдун Казакстанга жөө өтүп, Алматы шаарынан Анталияга учуп кеткендиги тууралуу маалыматтар соцтармактарда пайда болгон. ИИМдин маалымат кызматы болсо ал эмгек өргүүгө чыкканын, министрдин уруксатысыз чет өлкөгө чыга албастыгын билдирген.

 

Количество просмотров: 14