• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Чек ара кызматы «Достук» бекетинде орун алган чыр боюнча түшүндүрмө берди

13 Кулжа 2023 17:21 Бишкек Govori.TV

УКМКнын чек ара кызматы жай тургун менен «Достук-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлеринин ортосунда 12-июнда болгон чыр-чатак боюнча түшүндүрмө берди.

​​Маалыматка караганда, кыргызстандык жаран 1991-жылы туулган Х.А. өткөрүү пунктунун кире беришинде аскер кызматкерлерине орой сөздөрдү айтып, уруш чыгарууга аракет кылган.

Өзү чек ара көзөмөлүнөн өтүү учурунда кезексиз, автоунааларды текшерүүчү кабина аркылуу өтүүгө аракет кылган. Чек ара режиминин эрежелерин жана мамлекеттик чек араны кесип өтүү тартибин сактоо боюнча эскертүүгө баш ийген эмес. Бул аракеттери видеотасма менен тастыкталарын чек ара кызматы билдирүүдө.

Чыр-чатактын курчушуна жол бербөө үчүн бейбаштык кылган жаран кармалган. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Чек ара кызматы мамлекеттик чек араны кесип өткөн жарандарды эрежелерди сактоого жана чек арачылардын талаптарын аткарууга чакырат. Талаптар бузулган учурда мыйзамдарга ылайык чара көрүлөт.

Өткөрүү пункту стратегиялык объект болуп саналат жана бардык жарандар коюлган талаптарды аткарууга милдеттүү.

Количество просмотров: 124