• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чек ара маселеси: Лейлек бүгүн…

26 Аяк оона 2021 11:28 Бишкек Govori.TV

28-апрелде чек ара чатагы Лейлекте тутанды.Тажикстан тараптан кыргыз айылдарына ок атылып, чек ара тилкесиндеги айыл тургундары үй-жайын таштап качып чыкты. Чыр-чатактан кийин күйүп талкаланган имараттарды калыбына келтирүү боюнча биргелешкен аракеттер башталды. Мамлекет да четте калган жок. Жарым жылдын ичинде Дуваташ кыргыз-түрк биргелешкен ишканасы 84 үйдү куруп берди.

Ал эми жаңжалдан жабыр тарткан коңшу Интернационал айылында кээ бир үйлөр ашар ыкмасы аркылуу калыбына келтирилип жатат.

Бирок чырдын башкы себеби — чек ара маселеси дагы деле чечилбей келет. Бул ар бир жарандын жүрөктү өйүткөн эң башкы көйгөйү. Биз тараптагы чек арада жоокерлер жокко эсе. Ошондуктан жергиликтүү тургундар өз күчүнө таянууга мажбур. Айтылган нерселер көбүн турукташкан жерден көчүп кетүүгө түртүп жатат. Лейлекте жергиликтүү тургундар чек араны өз күчү менен гана кайтарбастан, аткезчилик менен да күрөшүүнү өз колуна алууга мажбур.

Бийлик чек аранын жабылганы жөнүндө убада берсе дагы, жергиликтүү тургундар аткезчиликтин көлөмү мурдагы деңгээлде экенин айтышууда. Аткезчиликтин негизги агымы түн ичинде өтөт. Калкы 4000 адамдан араң ашкан кичинекей Арка айылында 20га жакын май куйуучу жай бар. Чек ара жана аткезчилик маселеси аймактагы ансыз да оор экономикалык абалды ого бетер курчутууда.

Апрелдеги жаңжалдан кийин Баткенге өзгөчө макам берилди. Бул облусту башкарууда бираз автономдукту жана кээ бир салык жеңилдиктерди түшүндүрөт. Бирок бул чаралар жетишсиз. Анткени чек ара маселеси чечилип жана контрабанда жоюлганда гана Баткен өнүгө алат.

Количество просмотров: 244