Бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети чек ара маселелерине байланыштуу мурда чыгарылган токтомдордун жана чечимдердин аткарылышы тууралуу маселелерди талкуулашат.
Ошондой эле чек ара боюнча Өкмөтүн өкүлү, вице премьер-министр Жеңиш Раззаков маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берет.
Эске салсак, 16-сентябрда Лейлек районунун Максат айыл аймагына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Натыйжада бир чек ара кызматкери каза болуп, 13 адам жаракат алган.