• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чек ара маселеси: Ташиев Ташкент шаарына барды

23 Жалган куран 20219:03 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара маселеси боюнча биргелешкен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында Ташкент шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматкаылайык, иш сапардын жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки тараптын өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйыны болот.

Өкмөттөр аралык делегациялардын жыйыны 24-мартан 25-мартка чейин Ташкент шаарында өтөт. Анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышат.

Количество просмотров: 245