Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселесин чечиш үчүн тажик тарапка жерлерди алмашуу сунушталганын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
«Тажик тарапка жерлерди алмашуу боюнча ар кандай варианттарды сунуштап жатабыз. Алар карап жатат. Азыркы учурда бир тилке боюнча «негизи биз макулбуз» деп айтышууда. Кайсы жерден, канча аймак алмашыш керек ал жөнүндө так жообун айтыша элек», — деди Разаков.
Маалыматка караганда, чек ара маселесине байланыштуу акыркы убакта эки өлкөнүн өкүлдөрү 20 жолу жолугушкан. Техникалык топтун ишинин акыркы маалыматтары боюнча, 134 ири масштабдагы топографиялык карта даярдалды, дагы 4-5ти даярдоо керек.