• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Чек ара жаңжалы. Баткенде 176 үй 1-сентябрга чейин курулат

6 Теке 2021 14:02 Бишкек Govori.TV

2021-жылы 1-сентябрга Баткен облусунда 28-29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда жабыркаган үйлөрдүн курулушу аяктайт. Бул тууралуу маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Баткен жана Лейлек райондорунда 140 үйдүн курулушу жүрүп жатат.

«Ошондой эле Баткенде каза болгон жарандардын жакындары үчүн курулуп жаткан 36 үйдүн курулушу 80-90%га бүтүп калды. Анда электр энергиясы тартылып, канализация жана таза ичүүчү суу маселелери чечилип жатат»,-деди ал.

Жунушалиев бул үйлөр демөөрчүлөрдүн каражатынын эсебинен курулуп жатканын белгиледи.

Муну менен катар социалдык объектилердин курулушу жана оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул иштерге мамлекеттик бюджеттен 450 млн сом бөлүнгөн. Жалпысынан 8 объект, анын ичинде 5 мектеп, 2 бала бакча жана 1 ФАП калыбына келтирилет.

«Өткөн жумада Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча мамкомиссиянын жыйыны өттү. Анда бардык иштерди 1-сентябрга чейин буткөрүү тапшырмасы берилди»,-деди ал.

Ошондой эле ал Максат айылында демөөрчүлөр 2 ФАП жана 1 бала бакча курууну өз моюнуна алышканын кошумчалады.

«Курулуш процесси президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун көзөмөлүндө. Биз күн сайын аларга маалымат берип турабыз»,-деди А.Жунушалиев.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайына Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 190 кыргызстандык жабыркап, 36 адам набыт болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект күйгөн жана жабыркаган.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик тараптын аракетин аскердик агрессия катары баалады.

Количество просмотров: 137