• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Чек ара: Жапаров Бишкекте дарыланып жаткандардан кабар алды

1 Бугу 2021 13:54 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-майда Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда (БТОИБ) Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү акыркы окуялар учурунда жаракат алып, дарыланып жаткандардан кабар алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысына жабыр тарткандардын ал-акыбалы боюнча маалымат берилди.

Садыр Жапаров жаракат алгандар менен баарлашып, ден соолуктарын сурады жана алардын тезирээк сакайып кетишин тиледи.

Президент аларга мамлекет тарабынан тийиштүү жардамдар көрсөтүлөрүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысы жабыркагандардын бардыгын жетиштүү көлөмдө дары-дармектер менен камсыз кылып, тийиштүү медициналык жардам көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле ал моралдык-психологиялык колдоо көрсөтүүнү улантуу зарылдыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 30-апрелинде Баткен облусунан 46 жабырлануучу аскердик учактар менен Бишкектеги ооруканаларга жеткирилген. Учурда бейтаптар жогорку деңгээлдеги адистердин көзөмөлүндө болуп, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда, Улуттук хирургия борборунда жана Улуттук госпиталда тиешелүү медициналык жардам алышууда.

Количество просмотров: 341