• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Чек ара: Жапаров кыргызстандыктарды чагымчылдыкка алдырбоого, кастыкты козутпоого чакырды

29 Чын куран 2021 18:16 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды чагымчылдыкка алдырбоого, кастыкты козутпоого чакырды. Бул тууралуу өлкө башчы өзүнүн фейсбуктагы баракчасына билдирди.

Жапаров Кыргызстандын бардык жашоочуларын, биринчи кезекте саясий күчтөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарын сабырдуулукка жана араздашууну козутпоого чакырды.

“Биз тажик эли менен дайыма тил табышабыз, биздин ынак коңшулук кызыкчылыктарды эске алып жана ынтымакты сактоо менен гана бардык маселелерди чечебиз. Азыр жаңжалды чыгарып, аны ичтен тутандырууга аракет кылгандар кооптондурат. Өлкө үчүн мындай оңой эмес учурда бардык ички саясий күчтөрдү сабырдуулукка чакырам”, — деп жазат президент.

Нет описания.
Количество просмотров: 104