Социалдык тармактарда чек арачынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге ырдап берип жаткан видео тарады.
Күн мурун УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Максат» чек ара заставасын ачылыш аземине катышып, имараттын жана бөлүктөрдүн абалы менен таанышкан. Ташиев чек ара кызматынын өкүлдөрү жана жоокерлер менен бирге тамактанып, жакындан баарлашкан.