• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чек арада оор жаракат алган 49 жаран Бишкекке которулду

1 Бугу 202115:28 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Баткен облусунда чек ара чырында оор жараат алган 49 киши Бишкектеги ооруканаларга которулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова 1-майдагы брифингде билдирди.

«Алар октон жаракат алышкан, мээлери чайкалган, дене мүчөлөрү сынган. Үчөөнүн абалы өтө оор»,-деди ал.

Маалыматка караганда, учурда министр Алымкадыр Бейшеналиев Баткенде жүрөт.

Количество просмотров: 100