• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чек арада жаракат алгандардын абалы айтылды

9 Бугу 2020 9:51 Бишкек Govori.TV

8-май күнү Баткен облустук ооруканасына 4 жабырлануучу — үч чек арачы жана бир жергиликтүү тургун кайрылган. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үчөө ооруканага жаткырылган. Ал эми төртүнчү жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жиберилген.

Ооруканада жаткандар – 1. М.С. уулу, 26 жашта: кыр арка сөөгүнүн көкүрөк тушуна ок тийген. Ичине, жамбаш сөөк бөлүгүнө ок тийген. Ага операция жасалып, анын абалы өтө оор деп бааланууда; 2. М.А. уулу, 25 жашта: көкүрөк тушуна ок тийген. Операция жасалып, абалы орточо оор, туруктуу. 3. Ч.Т. уулу, 24 жашта: ок көкүрөк тушуна тийип, чыгып кеткен. Жараны хирургиялык тазалоо жасалган. Анын абалы орточо оор, туруктуу.

«Бардык жаракат алгандар медициналык көзөмөлдө болууда. Дары-дармектер, медициналык буюм-каражаттар, кандын компоненттери жетиштүү. Ош облустар аралык бириктирилген ооруканасынан Баткен облустук бириктирилген ооруканасына нейрохирург, торакалдык хирург жана реаниматологдон турган дарыгерлер тобу келди», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 8-май күнү Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыгып, төрт кыргыз жараны жаракат алган. Анын үчөө аскер кызматкери.

Количество просмотров: 139