Учурда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда Баткендеги куралдуу кол салууда жабыркаган 8 жаран жатат. Бул тууралуу аталган борбордун директору Гүлзат Маймерова билдирди.
Операция болгон балдарга октон жана октун чачырандыларынан жараат алуу деген диагноз коюлган.
«Төрт бала менен эки чоң киши бир үй-бүлө мүчөлөрү. Ал эми эң кичине пациент 9 айлык наристе. Ал жеңил жаракат алган, амбулатордук дарыланууда. 5 балага операция жасалып, абалдары канааттандырарлык. Бөбөктөр коркуп калгандыктан психологдор иш алып барууда » — деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, 17-сентябрга карата алынган ыкчам маалыматтарга таянсак, чек ара чырынан жабыркагандардын саны 103 кишиге жетти.
Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, беш жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.
Андан тышкары, куралдуу кагылышуудан 24 кыргызстандык мерт кетти.