• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Казакстан: Шахтадагы кырсыкта жабыркагандардын абалы айтылды

4 Жетинин айы 2022 16:41 Бишкек Govori.TV

Дарыгерлер Караганда облусундагы Ленин атындагы шахтада болгон кырсыкта жаракат алган төрт жабырлануучунун абалы тууралуу маалымат беришти.

«Токсикологиялык бөлүмдө жаткан эки бейтаптын абалы туруктуу, бир аз жакшы жакка өзгөрүү бар. Санавиация менен жеткирилип, операция жасалган дагы эки бейтаптын абалы оор, бирок туруктуу. Азыр алар реанимация бөлүмүндө жатышат, эсине келип, туташтырылган жасалма дем алдыруучу аппараттар өчүрүлдү», – деди Караганда шаарындагы көп профилдүү оорукананын профессору Талгат Жукен.

Бейшемби күнү кечинде Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильин Ленин атындагы шахта кырсыктын кесепеттери жоюлуп, эксперттик комиссиянын иши аяктагандан кийин кайра иштей баштай турганын билдирген. Ошондой эле ал кошумча маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тилкелерди текшерүү үчүн «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын башка шахталарында иш бир суткага токтотулганын кошумчалаган.

Караганды облусунда «АрселорМиттал Темиртау» компаниясына таандык Ленин атындагы шахтада кырсык болуп, беш жумушчу өлгөн. Расмий маалыматка караганда, 3-ноябрга караган түнү шахтадагы газдын дренаждык скважиналарын бургулоо учурунда метан бөлүнүп чыгып, жарылуу болгон.

Ленин атындагы шахта пайдаланууга 1964-жылы берилген. 1970-жылдардын аягынан бери шахтада адам өмүрүн алган кеминде жети кырсык катталган. 2006-жылы метандын жарылуусунан 41 жумушчу каза болуп, бул шахтанын тарыхындагы эң ири кырсык болуп калган.

Количество просмотров: 133