Саламаттык сактоо министрлиги Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуядан жабыркагандар тууралуу маалымат таратты.
Баткен облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Арзыбек Бөрүбековдун маалыматына ылайык, эки жоокер (аскер кызматчысы) жаракат алган. Аларды мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкеси тарабынан тез жардам бригадасы Баткен облустук бириккен ооруканасына жеткирилүүдө.
Алдын ала маалыматтар боюнча, бир жабырлануучунун абалы оор, экинчисинин абалы орто.
Жеринде Баткен ОИИБнин 2 тез жардам бригадасы иштеп жатат. Баткен облустук бириккен ооруканасында бардык кызматкерлер күчөтүлгөн режимге которулуп, керектүү кан, дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыздалган.