• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Чек арадагы чыр. Кыргыз тарап билдирүү таратты

25 Бугу 20209:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тараптын абалды туруксуздандыруусуна жол берилбей турганын билдирди. Тиешелүү билдирүүнү ведомствонун басма сөз кызматы таратты.

«Тажикстан Республикасынын Кыргызстандын чек арачылары тараптка биринчи ок чыгарган аскер кызматкерлеринин иш-аракетин карасак, «жасалма туруксуздук» тажик тарапка гана пайда алып келет.

2020-жылдын 23-майынан тарта Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары ири мүйүздүү малды Кыргызстандын аймагында — Баткен облусунун Баткен районунун Мойнок аймагында кайтарууга аракет жасап келишти. Тажикстандын чек арачылары эки сутка бою мал Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз кайтарылып жатканын көрүп туруп, Ворух анклавынын жашоочуларына эч кандай чара көргөн жок. Жыйынтыгында кыргыз тараптын мыйзамдуу талаптарына тажикстандык аскер кызматкерлер Кыргызстандын чек арачылары тарапка ок чыгарып жооп берди», — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө белгиленгендей, Чек ара кызматы Тажикстандын УКМКнын чек ара бөлүгүнүн аталган окуя боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына тараткан билдирүүсүн таң калуу менен кабыл алды.

«Тажикстан тарап мындай импульсивдүү билдирүү ар кандай күчтөр кыргыз-тажик чек арасындагы чырды күчөтүүгө алып келерин түшүнүшү керек. Тажикстандык кесиптештерибизди көйгөйлөрдү сүйлөшүү жолу менен гана чечүүгө чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 24-майда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында, тактап айтканда Баткен районун Мойнок аймагында ок атылган.

«Тажикстан тараптагы белгисиз адамдар кыргызстандык чек арачылар тарапка ок атышкан. Саат 11:40 чамасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болгон. Жаңжалдан Кыргызстандын чек арачылары жабыркаган жок.

Саат 12:20да эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугушуп, окуя болгон жерге барышты. Тараптар окуянын чоо-жайын териштирип жатат», — деп айтылган Чек ара кызматынын маалыматында.

Количество просмотров: 56